Иран куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы генерал Мохаммад Акраминиа быйыл Армия күнүндө парад өткөрүү мүмкүн болбогонун, убактылуу жарашуу «согуш абалынан айырмаланбаганын» айтты.
Алгачкы жолу бул күн 1979-жылдын 18-апрелинде, Ислам революциясынан көп өтпөй белгиленген. Ошондон бери жыл сайын парад уюштурулуп келген.
Аятолла Рухолла Хомейни майрамды армиянын Ислам жумуриятына лоялдуулугун көрсөтүү үчүн негиздеген.
Адегенде иш-чаралар Тегеранда, Ирак менен 1980-жылдардагы согуш учурунда башка аймактарда өткөрүлө баштаган.
2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында парад болбой калган, кийин санитардык чектөөлөрдөн улам жабык форматта өтүп жүрдү.
Акраминианын айтымында, аскердик казармаларда маданий программалар уюштурулат, аскерлер менен офицерлер жума намазына катышат.
28-февралда АКШ менен Израил Иранга чабуул кое баштаган. Тегеран ага жооп кайтарып жатты. 8-апрелден баштап АКШ менен Иран атышууну эки жумага убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкан.