Бишкекте кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн адамдар кармалды

Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте Кайгуул-күзөт кызматкерлерине баш ийбей, чатак чыгарган деген шек менен үч адам кармалып, камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул-күзөт кызматы маалымдагандай, окуя 18-апрелдин таңында, саат 4:00 чамасында болгон. Кайгуул кызматкерлери "Мерседес" унаасы бир нече адамды жөөлөп жатканын байкап, айдоочу мас экенин аныкташкан.

Кызматкерлердин унаанын документтерин жана ачкычын берүү талабын айдоочу укпай, каршылык көрсөткөн, ага жанындагы шериктери кошулган.

Жыйынтыгында үч адам: 24 жаштагы А.А., 23 жаштагы Б.К. жана 27 жаштагы А.Н. кармалып, милицияга жеткирилген. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси - "Майда бейбаштык" менен кылмыш иши козголуп, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ мас абалында рулга отуруу, коомдук жайларда агрессивдүү жүрүм-турум менен айланадагылардын коопсуздугуна коркунуч жаратуу мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда согушка каршы чыккан блогер абакта көз жумдуЭкинчи дүйнөлүк согуштун ар бир ардагерине 200 миң сомдон берилетИран Ормуз кысыгы убактылуу ачылганын билдирдиКыргызстанда катталган орусиялык Grinex криптобиржасы 1 млрд рубл уурдалганын билдирди