"Акча да, машине да жок". Кытайлык кыргызга алданган ишкерлер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кытайдагы кыргыз тектүү жаранга алданганын айткан бир нече кыргызстандык ишкер акчасын кайтарып алуу үчүн утур-утур Кытайга каттап жатат. Алар автоунаа алып келем деген убада менен чоң суммадагы акча которуп, жыйынтыгында акчасыз да, машинесиз да калганын билдиришти. Бул маселе президент Жапаров Ош облусуна барганда да көтөрүлүп, бийлик териштирип чыкмай болгон.