Евробиримдик Украинага 90 млрд евро насыя бөлүү боюнча акыркы чечимди 22-апрелде кабыл алууга ниеттенип жатат.
Бул тууралуу Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан Кипрдин расмий өкүлдөрүнүн бири AFP агенттигине кабарлады.
Маалыматка караганда, насыя бөлүү үчүн керек болгон "акыркы элемент" биримдикке мүчө 27 мамлекеттин Туруктуу өкүлдөр комитетинин Брюсселдеги отурумунун күн тартибине киргизилет.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Польшада журналисттерге Венгрияда өткөн аптадагы шайлоодо Виктор Орбан жеңилгенден кийин насыяга коюлган бөгөт алынат деген оптимисттик маанайда турганын айткан.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери быйыл 23-февралдагы жолугушууда Орусияга каршы санкциялардын 20-пакети боюнча бир пикирге келе алган эмес. Венгрия Орусияга каршы санкциянын 20-пакетин жана Украинага насыяны бөгөттөгөн.
Венгрия, Словакия жана Чехия бул насыяга кепилдик берүүгө да макул болгон жок.
Өткөн жылдын декабрында насыя берүү чечими Евробиримдик өлкөлөрү Украинаны каржылоо үчүн Орусиянын эсеби жабылган активдерин колдонуу боюнча бир пикирге келе албай калгандан кийинки компромисстик кадам болгон.
Венгрия жана Словакиянын бийликтери Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн Украинага колдоосун сынга алып, муну "тынчтыкты көздөө аракети" катары түшүндүргөн. Алардын бул позициясы эл аралык коомчулукта көп учурда "орусиячыл саясат" катары сыпатталып келет.