Кудрет Тайчабаров соттун чечими менен үй камагына чыкты

Кудрет Тайчабаров.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен бүгүн, 21-апрелде үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Маалыматты адвокат Памир Суранбаев дагы ырастады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкү конфискацияланып, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Кийин тергөө учурунда Тайчабаровго коррупция жана алдамчылык боюнча дагы эки айып тагылганы белгилүү болгон.

Быйыл марттын ортосунда Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөнү белгилүү болгон.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ссоңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу.

Ал 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан. (КЕ/BTo)

Дагы караңыз

Бишкек, Чүйдө кене чагып, доктурга кайрылгандар көбөйдү"Акылмандын" бүтүрүүчүлөрү чет жактарда мамлекеттик грант менен билим алатКыргызстанда электрондук соода бир жылда 15% өстүЕврошаркет Украинага 90 млрд евро насыя берүү маселесин карайт