Казакстанда төрт атомдук электр станциясын куруу пландалууда

Атомдук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда келечекте төрт атомдук электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча агенттиктин башчысы Алмасадам Саткалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам өлкөнү энергия менен туруктуу камсыз кылуу үчүн зарыл. Станцияларды курууга ылайыктуу аймактар катары Балхаш көлүнүн жээги, чыгыштагы Курчатов, Батыш Казакстан облусу жана түндүктөгү Костанай каралууда.

2025-жылдын февралында өкмөт биринчи атомдук станция курула турган жерди расмий бекиткен. Ал Алматы облусундагы Жамбыл районунда, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкөн айылынын жанында курулат. Бул долбоорду Орусиянын «Росатом»компаниясы ишке ашырары жарыяланган.

21-апрелде Саткалиев экинчи станция да Балхаш көлүнүн аймагында жайгаша турганын ырастады. Ага убактылуу «Мойынкум» деген аталыш берилген.

Ал эми дагы эки атомдук станцияны курууга China National Nuclear Corporation компаниясы катышары айтылууда.

Биринчи станциянын баштапкы баасы болжол менен 15 миллиард долларды түзөт. Каржылоо негизинен Орусиядан алынган насыя аркылуу ишке ашат. Саткалиев тактагандай, 85% насыя, 15% Казакстан өкмөтүнүн үлүшү түзөт.

Ошондой эле бул долбоор боюнча тендер өткөрүлбөй турганы белгилүү болду. Келишим өкмөттөр аралык форматта түзүлөт.

Казакстан буга чейин 2050-жылга чейин атом тармагын өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган. Анда энергия коопсуздугун чыңдоо жана жогорку технологияларды өнүктүрүү максаты коюлган.

АЭС куруу чечими 2024-жылдагы референдумдан кийин кабыл алынган, бирок байкоочулар добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.

Ошол эле учурда айрым экологдор жана жарандык активисттер бул долбоорго каршы чыгып жатышат. Алар атомдук станциялар Балхаш көлүнө зыян тийгизиши мүмкүн экенин, ал эми Орусиянын катышуусу өлкөнү энергетикалык жана саясий көз карандылыкка жетелери ыктымал экенин эскертүүдө.

Дагы караңыз

Amnesty International Кыргызстанда журналисттерге басым уланып жатканын билдирди22-апрелдин аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтОрусиянын "көзөмөл реестрине" кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты