Даун синдрому бар балдардын ата-энелери коомчулуктан жардам сурады

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт

Кыргызстандагы Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелери түзгөн "Сантерра" коомдук фонду коомчулукка кайрылып, жардам сурады.

"Даун синдромун дарылоого болбойт, бирок аны менен жарыкка келгендер жардамга муктаж. 10 жылдан бери аталган фонд өз имараты жок болгондуктан ар кай жактан жайды ижарага алып иштеп жатат. Ата-энелер 2026-27-окуу жылында Даун синдрому бар 40 баланы окутуу, коомго аралаштыруу, дене тарбия менен алектенүү, когнитивдик жана сүйлөө жөндөмүн өөрчүтүү аракети үчүн долбоор жазганбыз. Анын жалпы баасы 1 584 000 сом. Орозо айында фонд кайрымдуулук иш-чарасын жарыялап, 203 399 сом чогулган. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы долбоорду колдоп, майдын аягына чейин керектүү сумманын жарымын топтосок, аны эки эсе көбөйтүп каражат бөлөрүн кабарлаган. Азыр 588 601 сом чогултушубуз керек", - деди "Сентерранын" мүчөсү Элмира Осмоналиева.

Даун синдрому бар балдардын ата-энелери 2016-жылы "Сантерра" фондун түзүшкөн.

10 жылдан бери мындай балдары бар үй-бүлөлөргө психологиялык жана методикалык колдоо көрсөтүп келет. Мындан тышкары мындай балдарды өнүктүрүү, потенциалдын ачуу, кызыкчылыктарын коргоо, коомчулукка синдром тууралуу маалымат берүү менен алектенет.

Даун синдрому - хромосомалардын аномалиясы. Адамдын организми миллиондогон клеткалардан турат, ар бир клеткада 46дан хромосома бар. Генетикалык аномалиянын айынан Даун синдрому бар адамдардын клеткасында 46 эмес, 47 хромосома калыптанат.

Дагы караңыз

Ак-Ордонун тургуну үйүн бузууга келген сот аткаруучулар алдында өз өмүрүнө кол салдыКазакстанда төрт атомдук электр станциясын куруу пландалуудаИран парламентинин төрагасы согушта Тегеран "жаңы карталарын" чыгарарын айтты