Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Cоңку күндөрү УКМК ИИМдин бир нече өкүлүн кызматтык кылмыштарга шектеп кармады. Анын алдында милиция атайын кызматтын адамдарын кармаганы маалым болгон. Коомчулукта айрымдар муну эки түзүмдүн тазалануусу деп баалашса, кээлери органдардын тиреши катары кабылдашкан. УКМК жана ИИМдин жетекчилери билдирүү таратып, ортодо тиреш жок экенин, чогуу тазаланып жатканын белгиледи. Укук коргоо органдарындагы тазалануу кандай жүрүшү керек? Талкууга мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана адвокат Бакыт Жумашев катышат.