Кишинёвдун соту Молдованын Демократиялык партиясынын мурдагы лидери, олигарх Владимир Плахотнюкту Banca de Economii, Banca Sociala жана Unibank-тан миллиарддарды уурдаганы үчүн 19 жылга абакка кести.
Саясатчы банк көз боемочулугу, уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана 2014-жылы арам акчаны адалдаганы үчүн айыпталды.
Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Орусияга качкан олигарх Илан Шордун компаниялары аркылуу 39 миллион доллар жана 3,5 миллион евро уурдалган акчадан алган.
Прокуратура аны 25 жылга эркинен ажыратууну сураган. Плахотнюк күнөөсүн мойнуна буга чейин да алган эмес, адвокаттары соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берерин айтышты.
Адвокат Лучиан Рогач өкүм мыйзамсыз экенин, териштирүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун, «судьяларга чоң саясий басым көрсөтүлгөнүн» билдирди.
Былтыр 25-сентябрда Грециядан экстрадиция болгондон кийин Плахотнюк Кишинёвдогу тергөө абагында кармалып келди.
Саясатчы эки жолу Молдова парламентинин депутаттыгына шайланган, парламенттин вице-спикери болгон. Аны өлкөнүн эң бай адамы, 2010-жылдардагы эң таасирдүү саясатчысы деп аташат. Саясий карьерасы 2019-жылы жайда Павел Филиптин өкмөтү кризиске туш болуп отставкага кеткенде соңуна чыккан.
Молдова бийлиги аны үч кылмыш ишинин алкагында кармоо ордерин чыгарган. 2025-жылы февралда Интерпол эл аралык издөө жарыялаган.
Ага чейин Москванын соту Плахотнюкту 20 жылга сыртынан кескен. Ал 2013-2014-жылдары Орусиядан 126 млрд рубль чыгарган деп айыпталган.
Олигарх Еврошаркеттин "кара тизмесине" киргизилген.
Шор 2023-жылы Молдовада 15 жылга абакка өкүм кылынган. Бирок ал Орусияда жашырынып жүрөт.