АКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды

АКШнын президенти Дональд Трамп 2026-жылдын 25-апрелинде Вашингтондо Ак үйдүн кабарчылары ассоциациясынын кечеси учурунда залдын сыртында коопсуздук кызматкерлерине белгисиз киши ок аткандан кийин эвакуацияланды.

25-апрелде АКШнын Ак үйүнүн алдындагы Кабарчылар Ассоциациясынын кечки тамагы учурунда сыртта ок атуу болгону кабарланып, ага катышып жаткан президент Дональд Трамп баштаган расмий өкүлдөр имараттан чыгарылды.

Бийлик өкүлдөрү токтоосуз эвакуацияланган. Алардын арасында президент Дональд Трамп, биринчи айым Мелания Трамп, вице-президент Жей Ди Вэнс, коргоо министри Пит Хегсет, саламаттык сактоо министри Роберт Кеннеди бар. Иш-чара бери дегенде бир айга токтотулду. Ок аткан киши кармалганы, бул кадамга эмнеге барганы белгисиз экенин Би-Би-Си жазды.

Аталган радионун Washington Hilton мейманканасында өтүп жаткан иш-чарага катышкан кабарчылары ок атууга окшогон добуш кече кызып калганда угулганын, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү курал менен залга кирип келип, "ок атылды" деп кыйкырышканын айтып беришкен.

CNN АКШнын президенттик алминистрациясынын өкүлүнө таянуу менен Трамп жабыркабаганын билдирди.

Дагы караңыз

Борбор Азия аймагындагы суу-энергетика абалы талкууланды