Одессада орус армиясынын соккуларынан 14 киши жабыркады

Одесса шаарында Орусиянын аба соккусунан жабыркаган имарат. 27-апрель, 2026-жыл.

27-апрелге караган түнү Орусияын куралдуу күчтөрү Украинанын Одесса шаарына жапырт чабуул коюшту. Одесса облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, аба соккуларынан кеминде 14 киши жабыркады, бешөө ооруканага жеткирилди. Чабуулдан эки көп кабаттуу үй, мейманкана, фуникулер, кампалар зыян тартты.

Украинанын куралдуу күчтөрү бул түнү Одесса жана башка аймактарга Орусия бардыгы 94 учкучсуз аппарат, дрондор менен чабуул койгонун, алардын 74ү асманда атылып түшүрүлгөнүн билдиришти.

Орусия тарап дүйшөмбүнүн таңында украин армиясынын учкучсуз аппараты Запорожье атомдук станциясынын транспорттук цехин бутага алып, бир айдоочу мерт болгонун маалымдады. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик окуя болгон жерге адистерин жөнөткөнүн, алар атомдук станциядагы жагдайды иликтей турганын билдирди.