Швейцария: Гүлнара Каримовага козголгон иш сотто карала баштады

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова.

Швейцарияда Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызына байланышкан акча адалдоо иши боюнча сот процесси башталды.

27-апрелде Швейцариянын Федералдык кылмыш сотунда Гүлнара Каримова жана Lombard Odier жеке банкынын үстүнөн козголгон иш карала баштады.

Каримова пара алуу жана «Кеңсе» деп аталган кылмыштуу түзүмдү жетектөө боюнча айыпталууда.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул түзүм 2005–2013-жылдары жүз миллиондогон доллар каражатты Швейцариядагы эсептерге өткөрүп турган.

Женева шаарында жайгашкан Lombard Odier банкы жана анын мурдагы кызматкери Каримованын болжолдуу кылмыштуу кирешелерин жашырууга көмөктөшкөн деп шектелип жатышат.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашык башкарган Ислам Каримовдун саясий мураскери саналган Гүлнара Каримованы 2020-жылы Ташкент шаардык соту 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.

Ал "мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган" деген беренелер менен күнөөлүү деп табылган.

Ал алты жылдай Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясында жазасын өтөп, былтыр жатак абакка чыгарылган.

Швейцариянын соту процесс канча убакытка созулары жана өкүм качан чыгары белгисиз экенин билдирди.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова мамлекетке, жарандарга келтирген зыяндын жалпы суммасы 1 трлн 270 млрд 200 млн сумду, 1 млрд 651,8 млн АКШ долларын, 26,1 млн еврону түзөрүн маалымдаган.

Дагы караңыз

Түндүк Кореяда Украинадагы согушка катышкан аскерлерге арналган эстелик ачылдыКыргызстанда бүтүрүүчүлөрдүн билимин тестирлөө май айында өтөтОдессада орус армиясынын соккуларынан 14 киши жабыркады