Алай: Гүлчөдө кайра сел жүрдү

Сел. Гүлчө, Алай. 27-апрель, 2026-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

28-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарында саат 16:45 чамасында кайра сел жүрүп, Абдиев көчөсүн каптады. Шаарда 27-апрелде нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, Абдиев, Сатаров көчөлөрүндө жана Курманжан Датка айылында бир катар турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган болчу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта селдин кесепетин жоюу иштерине 223 адам жана атайын техника тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатканы, абал көзөмөлдө экени, жабыркагандар жоктугу айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Алай районунда жарандык коргонуу кызматтары менен чукул жыйын өткөрүп, күч-каражаттарды даяр абалга келтирүү, күтүлүп жаткан жаан-чачынга карата даярдыкты күчөтүү жана сел кесепеттерин ыкчам жоюу боюнча тапшырмаларды берди.