Жапония өз кемеси Ормуз кысыгынан өткөнүн билдирди

Ормуз кысыгы. 24-апрель, 2026-жыл

Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи Ормуз кысыгында калган кемеси 29-апрелде каналдан аман-эсен өткөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, бортто команданын жапониялык үч мүчөсү бар.

Х социалдык тармагына жарыялаган постунда өкмөт башчы кысыкты бардык өлкөлөрдүн, аныны ичинде жапон кемелеринин коопсуз жана эркин өтүшү үчүн ачуунун маанисин белгиледи. Мындай позициясын Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен бөлүшкөнүн айтты.

“Биздин өкмөт Жапонияга байланышкан кеменин Ормуздан өткөнүн оң жышаан катары баалайт”, - деп билдирди жапон Тышкы иштер министрлиги.

АКШ менен Израил чабуул баштаган 28-февралда Иран кысыкты кемелер менен мунай танкерлери үчүн иш жүзүндө жаап салган. Ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин, 17-апрелде ачып, көп өтпөй кайра жапкан. Анын алдында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаганда америкалык аскерлер ирандык портторду бөгөттөгөн.

Мунун айынан пайда болгон глобалдык кризис өзгөчө Азиянын өлкөлөрүндө сезилүүдө.