Сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингде Кыргызстан эки баскычка ылдыйлады

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялады.

Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашты.

Уюм өз классификациясын 25 жылдан бери чыгарып келет.

RSF белгилегендей, биринчи жолу тарыхта өлкөлөрдүн жарымындагы басма сөз эркиндигинин абалы “кыйын” же "өтө оор” деп сыпатталды, орточо упай эч качан мынчалык төмөн болгон эмес.

Уюм улам бир жерде болуп жаткан журналистиканы муунтуу аракеттерин, кабарчыларга кесибин аркалоодо түзүлгөн тоскоолдуктарды, улуттук коопсуздукка шилтеп сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышын сындады.

"Европа жана Борбор Азия аймагы калыптанган баалуулуктар өзгөртүлүп, мыйзамдар бийликтин кызыкчылыгында пайдаланып, жөнөкөй жарандардын маалымат алуу укуктары чектелип жаткан масштабдуу экспериментти эске салат", - деп жазды докладдын авторлору.

Алсак, 135-орундагы Грузиянын көрсөткүчү былтыркыга караганда 21 баскычка төмөндөдү. Өлкө демократиялык кризиске туш болуп, чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан элдик демонстрациялар күч менен басылган.

RSF Өзбекстанды 147, Казакстанды 149, Тажикстанды 155 жана Түркмөнстанды 173-орунга жайгаштырды.

Казакстан рейтингде 8 сапка түштү. Авторлор ал өлкөдө мыйзамдар күчөтүлүп, журналисттерге кыйыр басым болгонун, интернет мейкиндигинде репрессивдүү саясат жүргүзүлгөнүн, прессага каршы кылмыштар жазасыз калып жатканын белгилешти.

Кыргызстанда да ушундай эле тенденция байкалганы белгиленип, журналисттердин укуктук кепилдиктери чабал болуп калганы айтылды.

Докладда Орусия жана Беларус журналисттер үчүн эң ири абакка айланганы айтылды.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 21-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбор Азияда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирди. State of the World’s Human Rights деп аталган документте Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө укук жана эркиндик чектелип жатканы белгиленген.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун такай кайталайт. 29-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде сөз эркиндиги жана демократия деген "биринчи кезекте жоопкерчилик" деп эскерткен.

Дагы караңыз

"Тарыхый окуя". Бишкектин Африка өлкөлөрүн колго алуу мүдөөсү