Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир күн ичинде УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигине сурак берип чыкканы белгилүү болду. Алар сурак эле бербестен “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен коюлуп жатканы айтылып, бирок расмий органдар ырастаган жок. Мындан көп өтпөй Камчыбек Ташиев билдирүү таратып, өзүнө карата кылмыш иши бар экенин тактады. УКМКнын мурдагы башчысы соттон акталарын ишенерин да кошумчалады. Соңку окуялар мындан үч айга жакын мурун "75чилердин каты" деген кайрылуу менен башталган саясий процесстин жаңы деңгээлге чыгышыбы? Буга чейин эң жогорку кызматты ээлеген үч адамдын сурак бериши эмнеден кабар берет? Талкууга саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев, журналист Төлөгөн Сулайманов, саясат талдоочу Нурсултан Акылбек жана активист Мукай Керимбаев катышат.