Акыркы жылдары мамлекетке кайтарылган мүлктүн 221и сатылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылы келген бийликтин тушунда мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештерилген делген 1488 мүлк кайра мамлекетке алынган. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен 221 объект сатылып, 1048и мамлекеттик мекемелерге берилсе калган 219 мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында турат.

Парламенттин депутаты Кубанычбек Самаков мамлекетке алынган мүлктөр кимге сатылганы же кайсы мамлекеттик органга берилгени тууралуу ачык маалымат жок экенин, айрымдары мамлекеттик кызматкерлердин үйүнөн чыккан фактылар бар экенин айтты.

Мурда-кийин мыйзамсыз менчиктештирилген делген мүлктөрдү мамлекетке алуу ишин негизинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзүп келет. Атайын кызмат Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Израил Газага гумжардам ташып бараткан кемелерди кармадыСөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингде Кыргызстан эки баскычка ылдыйладыАгартуу министрлиги мектеп окуучуларынын формасын өзгөртүүсүз калтырдыБылтыр ишкерлерди текшерген 247 кызмат адамы жоопко тартылдыТашиев Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен айыпталууда