Санарип министрлиги жоюлуп, анын милдети Президенттин иш башкармасына жүктөлдү

“Ынтымак ордо”

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармасына кошулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүдө олуттуу өсүш болгону, бирок бизнес үчүн бюрократиялык жол-жоболор дагы эле тоскоол болуп жатканы айтылган. Андан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде олуттуу кемчиликтер аныкталганы белгиленген.

Министрликтин бардык милдеттери, штаттык саны иш башкармалыкка өттү.

Ички иштер министрлигин кошпогондо мамлекеттик мекемелердеги санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлардын кызматтары кыскартылат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн. 2025-жылы Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги деп кайра аталган.


Акыркы жылдары Президенттин иш башкармасына бир катар мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өттү. Кыргызстан эгемендик алган жылдары Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын ишин камсыздоо үчүн уюшулган. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдан тарта башкармалык президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган.

Беш жылда башкармалыкка “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Асман” шаарын куруучу дирекция, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы жана башка мекемелер берилди.

“Азаттык” жакында эле бул боюнча атайын программа даярдап, Президенттин башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 5 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайды түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиялык генерал Азатбек Омурбековду жок кылуу аракети көрүлгөнү маалымдалдыТрамп Нетаньяхуну Ливанда согуш баштабоого чакырдыАкыркы жылдары мамлекетке кайтарылган мүлктүн 221и сатылдыИзраил Газага гумжардам ташып бараткан кемелерди кармадыАгартуу министрлиги мектеп окуучуларынын формасын өзгөртүүсүз калтырдыБылтыр ишкерлерди текшерген 247 кызмат адамы жоопко тартылдыТашиев Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен айыпталууда