30-апрелде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын улам кокту-колоттон сел жүрдү. Тамаша-Кызыл-Булак жолундагы сайдан жана Пүшкөүт, Таш-Булак сайлары аркылуу сел жүрүп, жол убактылуу жабылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы билдирди.
Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Мекеме буга чейин Пүшкөүт сайынын 750 метр, Таш-Булак сайынын 650 метр аралыгы тазаланганын, натыйжада сел өз нугунда өтүп, турак жай жана социалдык объектилерге зыян келтирилбегенин кошумчалады.
Нөшөрлөгөн жаандан улам соңку күндөрү Кыргызстандын бир нече айылдарында сел жүрдү.