4-майда Армениянын башкалаасы Ереванда Европалык саясий коомчулуктун 8-саммити башталды. Ага Евробиримдиктин лидерлеринен башка Украинанын президенти Владимир Зеленский, Канаданын премьер-министри Марк Карни катышууда.
Жыйында кеңири аймакта демократия, энергетикалык коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланууда.
Ал эми 5-май күнү тарыхта биринчи жолу Европа Биримдиги - Армения саммити өтөрү күтүлүүдө. Ал жыйын эки тараптуу мамилени чыңдоого багытталат.
Өткөн жылы Армения Евробиримдикке кошулуу ниетин билдирип, Орусиянын таасиринен оолактоого багыт алган.
Еревандагы бул жыйынга Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европалык кеңештин төрагасы Антониу Кошта да катышат.
2025-жылдын март айында Армениянын парламенти шаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам кабыл алган.
Армения Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкө. Расмий Москва муну ар дайым эскертип, Ереван геосаясий жактан эки башка уюмга мүчө боло албастыгын белгилеп келет.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын лидери Владимир Путин менен болгон соңку жолугушуусунда бул боюнча чечимди убагы келгенде армян эли кабыл аларын билдирген.