Орус армиясынын аба соккусунан Харьковдо алты киши мүрт кетти

Орус армиясынын чабуулунун кесепети. Харьков облусу. 4-май, 2026-жыл.

Украинанын Харьков облусунда ракета чабуулунан төрт адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 4-майда облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Ал кошумчалагандай, кыркка жакын адам жаракат алды. Ошондой эле жеке үйлөр, көп кабаттуу имараттар, төрт дүкөн жана техникалык тейлөө жайы жабыркады.

Ал эми Чернигов облусундагы Новгород-Север районунда орус күчтөрүнүн чабуулунан кийин 14 миңдей тургун электр жарыгысыз калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, шаар түн ичинде бир нече жолу дрондор менен аткыланып, жарандык инфраструктура зыян тартты. Бир адам жараат алды.

Мындан тышкары, Донецк, Днепропетровск, Херсон жана Харьков облусунун айрым аймактарында да электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Чугуев районунда орус дрону нан ташыган машиненин жанына кулап, айдоочу менен кошо дагы бир адам жаракат алды.

Ал эми Сумы облусунда көп кабаттуу үйлөр жана башка имараттар орус армиясынын чабуулунан зыян тартты.

Украин армиясы билдиргендей, 4-майга караган түнү орус армиясы жалпысынан 155 дрон менен чабуул койгон. Алардын 135и атып түшүрүлгөнү айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада адатта аскердик гана жайларды бутага аларын билдирип, жарандык инфраструктурага урулган соккуларды четке кагып келет.

Дагы караңыз

Өкмөттө жер-жерлердеги соңку сел кырсыктары талкууланды Москвада көп кабаттуу үйгө дрон тийдиАрменияда 30дан ашуун европалык жана башка лидерлер чогулду