Financial Times басылмасы эки булагына таянып, Орусиянын президенти Владимир Путин жеке коопсуздугунан чочулап жумалап бункерде иштеши мүмкүн экенин жазды.
Ал эми "Важные истории" басылмасы европалык чалгын кызматынын маалыматына шилтеме кылып, Путиндин кайтаруусу күчөтүлгөнүн кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Орусиянын лидери өлкө ичиндеги элита мамлекеттик төңкөрүш уюштурушу мүмкүн деп кооптонууда.
Ошондой эле ал өзүнө жакын адамдар дрон менен кол салышы ыктымал деп шектенип жатканы айтылат.
Басылмалар жазгандай, Путин соңку кездери Москвага жакын аймактардагы жана Валдайдагы резиденцияларына барбай калды.
Батыш чалгын кызматтары ал Краснодар крайындагы бункерде жумалап иштеши мүмкүн экенин божомолдошууда.
Ошондой эле Москвада Путин жүргөн аймактарда интернет жана байланыш өчүрүлгөн учурлар көбөйгөнү айтылууда.
Анын жакын айланасында иштеген адамдардын, ашпозчулардын, фотографтардын жана күзөтчүлөрдүн үйлөрүнө көзөмөл системалары орнотулганы да кабарланууда.
Европалык чалгын кызматтарынын баамында, Путин үчүн негизги коркунуч катары мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу каралууда. Анын аскер жетекчилеринин арасында таасири күчтүү экени белгиленет.