Ормуз кысыгындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Британиянын деңиз соодасы боюнча операцияларын координациялоо борбору (United Kingdom Maritime Trade Operations) билдирди.
Анын маалыматына ылайык, аймакта аскердик активдүүлүк күчөп, деңизде аскер кемелеринин саны көбөйдү.
Ошондой эле кемелерди коопсуздук күчтөрү радиобайланыш аркылуу текшериши мүмкүн.
АКШ негизги деңиз жолдорунун түштүгүндө кошумча коопсуздук аймагын түзгөнү айтылды. Кемелерге Омандын суулары аркылуу өтүүнү карап, тиешелүү органдар менен байланышта болуу сунушталууда.
4-майдагы билдирүүгө ылайык, аймакта мина коюлган болушу мүмкүн деген маалыматтар бар болгондуктан кеме каттамдары «өтө кооптуу» деп бааланууда.
Буга чейин UKMTO Бириккен Араб Эмирликтеринин Фужейра шаарынын түндүгүндө мунай ташуучу танкер белгисиз снаряддар менен аткыланганын кабарлаган.
Маалыматка ылайык, экипаж жабыркаган эмес жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген жок.
Кийинчерээк Бириккен Араб Эмирликтери бул окуяны кескин айыптап, мамлекеттик мунай компаниясына тиешелүү танкерге Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жатканда кол салуу болгонун билдирди.