Кытай компаниясы Казакстанда тигүү фабрикасын ачууну пландап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Xinjiang Lihua компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Цихай менен өлкөдөгү пахта жана текстил тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Акордонун маалыматына караганда, жолугушууда Чжан Цихай Казакстанда пахтаны кайра иштетүүчү эки завод ишке берилгенин, жакында кездеме жана кийим-кечек чыгарган фабирканы ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Казахстан менен Xinjiang Lihua пахта өстүрүүдөн баштап, даяр кийим чыгарууга чейинки толук циклди камсыз кылууну көздөп жатат. Бул долбоор пахта айдоо аянтын 52 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Астана пахта-текстил кластерине 360 миллион доллар инвестиция тартып, 4 миңден ашуун жумушчу орун түзүүнү күтүүдө.

Токаев сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилеп, ресурсту көп талап кылган пахта тармагында “акылдуу” санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектке негизделген системаларды колдонууну сунуштады.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Xinjiang Lihua компаниясы Түркстан аймагындагы пахта жана текстил кластерине 450 миллион доллардан 600 миллион долларга чейин инвестиция салуу планын жарыялаган. Бул тууралуу «Kazakh Invest» улуттук компаниясы билдирген.

Xinjiang Lihua Кытай жана Шинжаңдагы пахта жана кийим өндүргөн ири компания болуп эсептелет.

Буга чейин укук коргоочулар пахта өндүрүшүндө улуттук азчылыктын эмгегин пайдаланып жатканын билдиргенден кийин H&M, Zara, Nike, Adidas, Puma, Burberry жана Converse бренддери Кытайдан кездеме жана пахта алууну токтоткон.

Дагы караңыз

Орус армиясынын соккусунан Запорожьеде 10дон ашуун киши каза болдуАКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ормуз кысыгы боюнча резолюция сунуштайтБритания орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салдыОрусияда Чебоксары шаары канаттуу ракеталардын соккусуна кабылды