Аба ырайы: сел коркунучу бар

Кыргызгидрометерология борбору билдиргендей, аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Аталган мекеме майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоону сунуштап, мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоолуу жолдор менен жүрбөөгө чакырат.

7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 28…30° болот.