Ош мэриясы "Байсан" ресторанын бузууда, ал тууралуу Келдибеков үн катты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков.

Парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Оштогу "Байсан" ресторанынын курулушу тууралуу комментарий берди. Фейсбуктагы баракчасына 6-майда жазган билдирүүсүндө ал ресторандын ага тиешеси жок экенин, имараттын ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген.

“Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип "снос" кыла алат? Мыйзамдуу дейбизби? Анда мыйзам чегинде иш кылалы!” - деп жазган Келдибеков.

Былтыр Ош шаарынын мэриясы ресторан Акматбек Келдибековго таандык экенин билдирген. Саясатчы анда комментарий берген эмес. 6-майдагы постунда Келдибеков Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жогорудагы "маалымат жалган экенин айтып, андан кечирим сураганын" белгилеген.

6-майдын кечинде «Байсан» ресторанынын түрттүрүлүп жаткан видеосун Ош мэриясы таратты. Мэриянын билдирүүсүндө, учурда курулушу кайра жанданган “Байсан” рестораны дарыянын 50 метр корук зонасына кирет. Ош шаар бийлиги мындай зонадагы турган мыйзамсыз жайлар бузуларын жана алардын ордуна шаар тургундары үчүн сейил бак куруларын убада кылууда.

"Бул мамлекеттик муктаждык. Бул жерде жашаган миңдеген адамдарга парк жетишпейт. Жакшынакай кылып веложол, гүл борбору, пляж кылып беребиз. Элдин баары "эмне үчүн буларга таандык имарат бузулбайт да, башкалардыкы бузулат, бирдей мамиле болуш керек" деп айтып жатышат. Албетте, кафенин ээлери сотко беребиз деп жатышат. Сотто мэрия элдин укугун, шаардыктардын укугун коргойбуз", - деди мэр Жанарбек Акаев.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта “Байсан” рестораны буга чейин толук бузулбай калганы, ээлери мэрия сунуштаган мыйзамдуу талаптарга жана сүйлөшүүлөргө макул болбой, өз алдынча мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөнү белгиленди:

"Ушуга байланыштуу, мыйзам талаптарын сактоо, шаардагы тартипти калыбына келтирүү жана корук аймактарын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо максатында “Байсан” ресторанын толугу менен бузуу чечими кабыл алынганы белгиленди. Ошондой эле шаар бийлиги корук аймактарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Белгилей кетсек, Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аянтка сквер куруу каралып, учурда бул аймакта тиешелүү курулуш иштери активдүү жүрүп жатат".

Бул жердин ээлери жерди сатып алганын, колунда жеке менчик укугун тастыктаган документи бардыгын айтып жатат.

Аталган аймак Урмат Белекбаевдин жубайы Адалат Абдибаитованын ысымына катталган. Белекбаев өзү Келдибековдун бир тууганы.

Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу өкмөттүн 1995-жылы 7-июлунда чыккан №271 токтомунун негизинде жобо кабыл алынган. Ага ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейин созулган дарыялардын суу коргоочу зоналары 75 метр деп жазылган. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырымды түзгөнүнө карабай корук аймагы 50 метрге кыскарган.

Дагы караңыз

Зеленский Орусияны ок атышпоо режимин бузду деп айыптадыХаменеи Иран Ормуз кысыгын коргой турганын билдирдиЖапаров Баткенде чек араны демаркациялоо маселеси менен таанышты