ӨКМ 10-12-май күндөрү сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды

Кыргызстанда жүргөн селдердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “Кыргызгидромет” борбору шашылыш билдирүү таратып, 10-майдан 12-майына чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Мекеме калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоо жолдору менен жүрбөө сунушталат.

8-майдан 12-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Апрелдин аягында жана май айынын башында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын бир нече райондорунда жана шаарларында сел жүрдү. Оштун Алай районунун Гүлчө шаарында, Баткендин Кадамжай жана Баткен райондорунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Баткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болгон. (ErN)