8-майда Бишкекте 7-класстын окуучусу айдаган автоунаа кырсыкка кабылып, эки өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкектин Масалиев көчөсү менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде катталды. 13 жаштагы окуучу Kia K5 автоунаасы айдап баратып, Hyundai Porter машинесин сүзүп алган.
Жеңил машинеде бараткан эки жашы жете элек өспүрүм жабыр тартты. 14 жаштагы кыздын баш сөөгүнөн жарака кетип, мээси жанчылган жана кулагынын тарсылдагы жарылып, мурду сынган. Ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. 15 жаштагы окуучунун да башынан жаракат алып, мээси чайкалган.
Окуя боюнча экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталды.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (ErN)