Грузиянын күч органдары мыйзамсыз миграция менен күрөштүн алкагында 45 чет элдик жаранды кармаганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Индия, Кения жана башка мамлекеттердин жарандары бар.
"Иммиграциялык көзөмөл иш-чараларынын алкагында департаменттин кызматкерлери Грузияда уруксаты жок жүргөн чет элдик жарандарды табуу максатында конкреттүү жерлер менен түрдүү жайларды текшеришти", - деп айтылат билдирүүдө.
Кармалгандардын бардыгы өлкөдөн чыгарылары кабарланды.
Грузин Ички иштер министрлиги мындай рейддерди дайыма, мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди депортациялап келет.
Буга чейин бийлик миграциялык саясатты катаалдаштырган. Алсак, өлкөдө уруксат берилгенден ашык убакыт жүргөндөргө салынган айып пулдун өлчөмү көтөрүлгөн, нааразылык акцияларына катышкандарды чыгаруу жол-жобосу жеңилдетилген.
Былтыркы жылдын 11 айында Грузияда мыйзамсыз жүргөн 1131 чет өлкөлүк жаран депортацияланган.