Хантавирус жайылган MV Hondius саякат кемесинин жүргүнчүлөрүн эвакуациялоо 11-майда аяктайт. Учурда кеме Испаниянын Тенерифе аралына келип токтогон. Ал жерден жүргүнчүлөр эвакуациялык учактар менен өз өлкөлөрүнө жөнөтүлүп жатат.
Кемеден буга чейин түшүп кеткен франциялык аялдан хантавирус табылганын Франциянын саламаттык сактоо министри Стефани Рист билдирди. Маалыматка караганда, ооруканага жаткырылган аялдын абалы түн ичинде начарлап кеткен.
Жалпысынан круиздик кемеден Франциянын беш жараны эвакуацияланып, 10-майда Парижге жеткирилген. Рист билдиргендей, аялда оорунун белгилери учакта бара жатканда пайда болгон.
Жекшембиде АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги эвакуацияланган 17 америкалыктын биринен хантавирус аныкталганынын билдирди.
Дагы бир адамда жеңил белгилер байкалууда, бирок анда вирус азырынча ырастала элек.
Буга чейин Испаниянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) кемедеги жүргүнчүлөрдүн эч биринде оорунун белгилери байкалбаганын билдиришкен.
ДССУнун 8-майда жарыяланган маалыматына ылайык, сегиз адам ооруп калган, алардын алтоосунан хантавирус ырасталган.
Франция менен АКШдагы учурлар бул статистикага киргизилген-киргизилбегени белгисиз. Илдет жайыла башталгандан бери үч адам каза болду. Алар нидерланддык жубайлар жана Германиянын жараны.
MV Hondius кемеси болжол менен бир ай мурун Аргентинадан жол тарткан. Круиздик кемеде 23 өлкөдөн келген 147 адам болгон.
Адатта хантавирус келемиштер аркылуу жугат. Бирок буга чейин ДССУ бул жолу вирус круиздик кемедеги «өтө жакын байланыштардан» улам жайылышы мүмкүн экенин билдирген. Адистер мындай жол менен вирус өтө сейрек жайыларын жана калк үчүн коркунуч төмөн экенин белгилешүүдө.
Хантавирустун бир нече түрү бар. Вирус жуккан адамда бөйрөк синдрому менен коштолгон геморрагиялык ысытма же хантавирустук кардиопульмоналдык синдром өнүгүшү мүмкүн. Эки оору тең кооптуу деп эсептелет. Азырынча хантавируска каршы вакцина жок.