Нидерланддагы хантавирус аныкталган бейтап дарыланган оорукана 12 кызматкерин карантинге киргизди.
Неймеген шаарындагы Университеттик медициналык борбору алты апталык карантин чечимин кан жана заара анализдерин алууда жаңыртылган катаал протоколдор колдонулбаганы менен түшүндүрдү.
"Биз алдыда мындай учурларга жол бербөө жана жыйынтык чыгаруу үчүн абалга кылдат көз салабыз", - деди оорукана башкармалыгынын башчысы Бертине Лахёйс.
Ошол эле маалда бейтапкананын өкүлдөрү вирустун жугуу коркунучу төмөн экенин билдирүүдө.
7-майда Неймегендеги Radboudumc медициналык борборуна хантавирус чыккан MV Hondius кемесинин жүргүнчүсү келип түшкөн.
Шейшембиге оогон түнү Нидерланддын Эйндховен аэропортуна кемеден эвакуацияланган 28 киши түшкөн эки учак конгон. Борттогулардын сегизи Нидерланд жараны экени айтылган.
Өлкө бийлиги ар кайсы улуттагы калган жүргүнчүлөр өз өлкөлөрүнө сапар тартарын жарыялаган.
Кемеде илдет жайыла башталгандан бери үч адам каза болду. Алар нидерланддык жубайлар жана Германиянын жараны.
MV Hondius кемеси болжол менен бир ай мурун Аргентинадан жол тарткан. Круиздик кемеде 23 өлкөдөн келген 147 адам болгон.