Financial Times басылмасы Путин менен байланышта болгон адамдарга, кырдаалды ичинен билгендерге жана украин чалгын кызматынын баасына таянып жазгандай, Орусиянын аскердик жетекчилиги президент Владимир Путинди Донбассты толук басып алууну ушул жылдын күзүнө чейин аяктайбыз деп ишендирген.
Басылманын үч маектешинин айтымында, Донбассты басып алгандан кийин Путин «ок атышууну токтотуунун баасын көтөрүүнү» көздөп жатат.
Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкийдин пикиринде, Донбасстагы ийгилик Кремлге кийинки аймактык талаптарды коюуга мүмкүнчүлүк берет.
Тактап айтканда, Орусия азыр да бир кыйла бөлүгү Украинанын көзөмөлүндө турган Запорожье жана Херсон облустарын өткөрүп берүүнү талап кылышы мүмкүн.
Басылма сүйлөшкөн эки булактын айтымында, Путиндин Донбассты басып алуу аракети күчөп жатат.
«Мен аны дайыма азыркы майдан сызыгында токтоого көндүрүүгө аракет кылам. Бирок ал баш тартууда», — деген булактардын бири.
Согушту токтотуу боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөргө катышкан эки булактын айтымында, Путиндин «чыныгы дымагы» Украинанын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде Днепр, Киев жана Одесса шаарларын көзөмөлгө алуу.
Эки тараптын позициясынан кабардар булактардын айтымында, Украина менен Орусия АКШнын ортомчулугу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра жанданышына анча үмүт артпай жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп 12-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен Орусия «Донбассты бүт алат» деген келишим болбогонун билдирди.
Ошондой эле ал быйыл Орусияга барышы мүмкүн экенин айтып, Украинадагы согушту токтотуу үчүн «зарыл болгон бардык нерсени» жасай турганын белгиледи.
Трамп согуштун аякташы жакындап калды деген пикирин билдирди. Бирок Financial Times басылмасы сүйлөшкөн булактардын айтымында, азыр эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанисин көрбөй жатат.
Басылманын маалыматына караганда, Украина сүйлөшүүлөр акыркы жолу февралдагы орус-украин жолугушуусунан кийин эле туңгуюкка кептелди деп эсептейт жана Вашингтон Путинге басым жасай албаганына нааразы.
Москва согушту токтотуу үчүн Киев аскерлерин Донецк облусунан чыгарып кетиш керек деген талапты коюп келет.
Украина болсо согуш аракеттерин азыркы фронт сызыгы боюнча токтотууну сунуштоодо.
Мындай учурда Донбасстын чоң бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө калмак. Ошол эле учурда Украина муну юридикалык жактан тааныбай турганын билдирип келет.