Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейрасмий саммити өтүп жатат

Түрк мамлекеттер уюмунун саммиттине чогулган лидерлер. Казакстан, Түркстан шаары. 15-май, 2026-жыл.

15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) бейрасмий саммити башталды. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда. Саммит «Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү» темасына арналган.

Бейрасмий саммитке ТМУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Илхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Режеп Тайып Эрдоган катышууда. Мындан тышкары, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү, уюмдун башкы катчысы, аксакалдар кеңешинин жана түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери дагы жыйынга келишкен.

Акыркы жылдары ТМУ алкагында Түрк инвестициялык фонду, DEPA, TURANSEZ, e-Permit, e-CMR, TURKUNIB жана «Санариптик Жибек жолу» сыяктуу демилгелер ишке ашырылып жатат. Бул долбоорлор өз ара сооданы, инвестицияларды, транспорттук логистиканы, санариптик инфраструктураны, билим берүү жана технологиялык интеграцияны күчөтүүгө багытталган.

Алгач бул уюм 2009-жылдын 3-октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши же Түрк кеңеши деген ат менен түзүлгөн. 2021-жылы Стамбулда өткөн саммитте бирикменин аталышы Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөртүлгөн.

Эксперттер бул өзгөрүүнү уюмдун институционалдык жана саясий таасирин кеңейтүүгө багытталган кадам катары баалашат. Учурда уюмга түрк тилдүү беш мамлекет Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө.

Ал эми Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамга ээ.

2022-жылы байкоочу макамын Түндүк Кипр республикасы да алган. Бул түзүмдү эл аралык коомчулук тааныбайт, аны расмий түрдө Түркия гана тааныйт.

ТМУ түзүлгөндөн бери ага мүчө мамлекеттердин лидерлеринин саммиттери туруктуу өткөрүлүп келет. Бул убакыт ичинде 12 расмий жыйын уюштурулуп, аймактык кызматташтык боюнча бир катар чечимдер кабыл алынган.

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, уюмга кирген өлкөлөрдүн жалпы тышкы соода көлөмү 850 миллиард долларга жетип, өз ара соода 57 миллиард доллардан ашкан.

ТМУга мүчө беш мамлекетте 177 миллиондон ашуун адам жашайт. Бул дүйнө калкынын болжол менен 2,2% барабар.

Дагы караңыз

"Апрель" ассоциациясы Бакиевдерди Гаага сотуна берерин билдириштиМиңден ашуун аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылдыЫзы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандар жоопко тартылат