"Иран тууралуу сүйлөштүк". Трамптын Кытай сапары аяктады

Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Американын президенти Дональд Трамп. Бээжин. 15-май, 2026-жыл.

15-майда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын Кытайга мамлекеттик сапары аяктады. Ал 2017-жылдан бери Бээжинге биринчи жолу барды.

Башында Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темалары соода талаштары, тарифтер жана технологиялык чектөөлөр болот деп күтүлгөн.

Бирок Ирандагы согуш жана дүйнөлүк энергетикалык рынокко байланышкан кооптонуулар чыкты.

«Биз Иран тууралуу сүйлөштүк. Аны (согушту) кандайча бүтүрүү керектиги боюнча көз карашыбыз абдан окшош. Биз алардын өзөктүк куралга ээ болушун каалабайбыз. Биз кысык ачык болушун каалайбыз», — деди Трамп 15-майда Си Цзиньпиндин жанында отуруп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда.

Трамп Ормуз кысыгы тууралуу сөз кылды. Учурда ал дээрлик толугу менен жабык турат.

Салтанаттуу иш-чаралар менен коштолгон саммиттин жыйынтыгында бир катар чакан соода келишимдери түзүлдү.

Мамлекеттик салтанаттуу кабыл алуу жана Бээжиндеги тарыхый жайларды кыдыруу учурунда Трамп Си Цзиньпинди «дос» деп атады.

Ал эми Кытай лидери Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди алдыдагы жылдары туура багытка салган «конструктивдүү жана туруктуу стратегиялык мамилеге» чакырды.

Ирандагы согуш сүйлөшүүлөрдүн негизги темасына айланды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 15-майда Бээжин Иран айланасындагы ок атышпоо режимин сактоону жана деңиз жолдорун кайра ачууну колдой турганын билдирди.

Ал эми Трамп Бээжинде Fox News телеканалына курган маегинде Си Тегеран менен келишим түзүүгө жардам берүүнү сунуштаганын жана Кытай Иранга аскердик жабдуу бербестигин айтканын билдирди.

Дагы караңыз

Бишкек: Электр чыгырык айдагандардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталдыКазакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейрасмий саммити өтүп жатат"Апрель" ассоциациясы Бакиевдерди Гаага сотуна берерин билдиришти