Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Нурали Алиев Казакстандын эң жаш миллионерлеринин катарына кошулду. Тизмени Forbes Kazakhstan басылмасы жарыялады.
Ал Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын уулу.
Журналдын баамында, 41 жаштагы Алиевдин байлыгы 280 миллион долларды түзөт.
Анын активдеринин арасында Дубайдагы Donatello Hotels and Resorts жана Алматыдагы Donatello Boutique Hotel мейманканасы бар.
Жаш миллионерлердин арасында Алматынын мурдагы акими Ахметжан Есимовдун кызы Айжан Есим дагы бар. Forbes анын активдерин 207 миллион доллар деп баалады.
Казакстандын эң жаш миллионери деп журнал 35 жаштагы Шахмурат Муталипти атады. Анын ысымы Integra Construction KZ компаниясы менен байланыштуу.Forbes анын байлыгын 482 миллион доллар деп баалады.
Тизмеге акыркы жылдары Казакстандын жарандыгын алган Орусияда төрөлгөн Тимур Турлов дагы кирди.
Журналдын маалыматына ылайык, бир жыл ичинде Турлов болжол менен 600 миллион доллар жоготкон.
Ошого карабастан, 5,2 миллиард долларлык байлыгы менен өлкөдөгү эң бай бизнесмендердин арасында алтынчы орунду камсыздады.
Forbes Kazakhstan жазгандай, Турловдун байлыгынын болжол менен 70% анын Freedom Holding Corp. компаниясындагы үлүшүнө туура келет.
Анын активдеринин арасында Карагандыдагы «Сарыарка» аэропорту, «Семей цемент заводу», Tatler Kazakhstan журналы жана FC Shakhter Karagandy футбол клубу дагы бар.