Конго демократиялык республикасынын чыгышында эбола вирусу жайылып атканын Африкадагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Africa CDC) кабарлады.
Би-Би-Си радиосу аталган борборго таянуу менен өлкө чыгышындагы Итури провинциясынын алтын казылган Монгвалу жана Рвампара шаарларында оорунун 246 учуру жана 80 өлүм катталганын жазды.
15-майда эбола вирусунан киши өлүмү катталганын Уганданын бийлиги ырастады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ал ооруганга чейин Конгодон келгенин кабарлады. Андан башка Уганданын ичинде вирус катталган учурлар жок экенин жергиликтүү бийлик билдирип жатат.
Эбола биринчи жолу 1976-жылы Конгонун аймагында аныкталган. Ал жарганаттан тараганы айтылган.
Азыр Конгодо вирусун 17-жолку жайылуусу.
Бул вирустук инфекция адам баласынан тышкары кээ бир жаныбарларга да жугат. Көп учурда өлүм менен аяктайт. Илдетке чалдыккан кишинин ичи өтөт, кусат, булчуңдары ооруйт.