Путин Приднестровье тургундарына орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте алууга уруксат берди

Приднестровьедеги аскердик парад. 2025-жыл, 2-май

Орусиянын президенти Владимир Путин жикчил Приднестровье жумуриятынын тургундарына орус жарандыгын алууга жеңилдик берген жарлыкка кол койду.

Документ укуктук маалыматтар порталына жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, жарандык алууга жеңилдик Приднестровьеде туруктуу жашаган "жашы жеткен жана жарандыгы жок бардык чет элдиктерге" берилет.

Алар үчүн Орусияда беш жыл жашоо, орус тилин билүү, орус тарыхын билүү жана негизги мыйзамдарды билүү керек деген талаптар болбойт.

Жарлыкта жарандык алууга арыз Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдуктарында кабыл алынары, жеңилдик берүү чечими "адам жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоо үчүн кабыл алынганы" айтылат.

Жикчил Приднестровье Молдованын аймагы болуп эсептелет. Аны өз алдынча аймак катары БУУнун бир дагы мүчөсү тааныган эмес. Иш жүзүндө региондун өз бийлиги, армия, валюта жана паспорту бар жана "Молдовалык Приднестровье Республикасы" деп атап алышкан.

Орусия расмий Молдованын аймактык бүтүндүгүн тааныганы менен Приднестровьени саясий, экономикалык жана аскердик жактан колдоп турат.

Преднестровьеде орусиялык аскердик контингент — орус күчтөрүнүн ыкчам тобу жана тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан. Алар аймакка 1992-жылдагы жаңжалдан кийин кирген.

Ар кандай эсептер боюнча, орус аскерлеринин саны болжол менен 1200–1500 чакты. Москва алардын аймакта болушун 1992-жылдагы келишимге таянып, мыйзамдуу деп эсептейт. Ал эми Кишинев контингентти мыйзамсыз деп атап, анын чыгып кетишин талап кылып келатат.

Дагы караңыз

Африка: Конгодо эболадан 80 киши, Угандада бир киши каза тапты