Мамдуманын депутаты Украинадагы согушту токтотууга чакырды

Орусиянын полиция кызматкерлери Москванын борборундагы Мамлекеттик Думанын алдынан өтүп баратышат. 24-сентябрь, 2024-жыл

Орусиянын экономикасы узакка созулган согуштук аракеттерди көтөрө албай тургандыктан, "атайын аскердик операцияны" (Кремль Украинага каршы согуш ачканын ушинтип атайт) тез арада токтотуу керек.

Мындай пикирин Мамлекеттик Думанын депутаты Ренат Сулайманов "Континент-Сибирге" маегинде билдирди. Маекке "Агентство" басылмасы көңүл буруп, бул Мамдума депутатынын ушундай тариздеги биринчи билдирүүсү болушу ыктымал экенин эске салды.

Депутат маегинде Москва "атайын операция" деп атаган согуш "Улуу Ата мекендик согуштан да узарып кеткенин" айткан. Ошол эле маалда ал: "Кудай согуштун жеңиш менен аякташына жеткирсин", - деди.

Журналисттер Сулеймановдон тынчтык сүйлөшүүлөр токтоп калса Орусиянын казынасына таасири кандай болорун сураган.

Депутаттын айтымында, федералдык бюджеттин коргонуу жана коопсуздукка коромжусу (жалпы көлөмдүн 40%) инфляциянын өсүшүнө, социалдык төлөмдөр менен инвестициянын кыскарышына кептеп жатат, аскердик тармактын товарларынын керектөөчүлүк баалуулугу жок.

"Ошондуктан "атайын аскердик операцияны" тез арада токтотуу зарыл. (...) Ошол эле кезде аскердик чыгымдар азайган бюджетти кабыл алуу оор эмес. Коргонуу менен алектенгендер эмне болот? Курал кармап жүргөндөрчү? Миллион адам кайтып келет. Жумуш орду, татыктуу маяна, социалдык адаптация кайда? Көйгөй азайбайт", - деди ал.

61 жаштагы Ренат Сулейманов Мамлекеттик Думага Новосибирск облусунан шайланып барган. Башка көпчүлүк депутаттардай эле буга чейин ал бир нече жолу Орусиянын Украинага бастырып киришин ачык колдогон. Бул үчүн Еврошаркеттин, АКШнын жана Британиянын санкциялык тизмесине кирген.

Маек Мамдумага күзүндө белгиленген шайлоонун алдында чыкты.

Дагы караңыз

Трамп Иранга соккуну Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотконун билдирди