Reuters: Москвадагы ири мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту

Москванын Капотня районундагы мунайды кайра иштетүүчү заводу. Орусия Украинага кол салганга чейин, 2020-жылы тартылган сүрөт.

Москванын Капотня районундагы мунайды кайра иштетүүчү заводу 17-майга оогон түндөгү украиналык дрондордун чабуулунан кийин ишин токтоткон болушу мүмкүн.

Бул тууралуу Reuters агенттиги анонимдүү эки булагына таянып жазды.

Маалыматка караганда, соккулар заводго анчалык көп зыян келтирген эмес, бирок иш коопсуздукка байланыштуу токтотулган. Агенттиктин булактары ишкананы кайра иштетүү үчүн бир нече күн керектелерин айтып беришкен.

Завод Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан. Бул тармакта иштеген булактар Reuters агенттигине маалымдагандай, 2024-жылы аталган завод 11,6 миллион тонна чийки мунайды кайра иштетип, 2,9 миллион тонна бензин, 3,2 миллион тонна дизел, 1,3 миллион тонна битум өндүргөн.

Украинанын соккусунда учкучсуз учактардын бири заводдун кире бериш аймагына түшүп, 12 киши жараат алган. Заводдун имараттарына келтирилген зыян тууралуу кабарланган эмес.

Заводго ээлик кылган "Газпромнефть" компаниясы журналисттердин комментарий берүү тууралуу өтүнүчүн жоопсуз калтырды.

Буга чейин Reuters 19-майда дагы эки булакка таянуу менен Орусиянын Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводу өткөн жума күнкү дрон чабуулунан кийин ишин токтотконун маалымдаган. Аталган завод Орусияда кайра иштетилген жалпы мунайдын 5% өндүрөт. Мындан тышкары башка заводдордо, анын ичинде Кириши менен Туапседеги ишканаларда да иш токтоп же үзгүлтүккө учураганы кабарланган.

Буга карабай май айында Орусиянын мунай-газ сатуудан тапкан кирешеси былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 39% жогору болуп, 10 миллиард долларга жетиши ыктымал деген божомол бар экенин Reuters белгиледи.

Маалыматта ошол эле кезде түшкөн пайда апрелге караганда 17% аз болору айтылат.

Орусиянын мунай-газ тармагындагы кирешенин көбөйүшүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалып турган кырдаал таасир этти. Дүйнөлүк кара майдын олуттуу бөлүгү өткөн Ормуз кысыгы де-факто дагы деле жабык турат.

Дагы караңыз

Достук бар, газ кууру дале жок. Путин Бээжинден куру жалак кайтабы?