Өзбек жарандары АКШнын айыл чарба тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк алат

АКШдагы ферма. Иллюстрация

Өзбекстандын жарандары АКШнын айыл чарба тармагында 10 айга чейин иштөө мүмкүнчүлүгүн алышат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы «Дүйнө» кабар агенттиги жазганына караганда, бул тууралуу Ташкентте өткөн эл аралык миграциялык форум учурунда америкалык USA Farm Labor компаниясынын башкы директору Мануэл Фик билдирди.

Анын айтымында, компания өзбек өкмөтү менен бирге өзбекстандыктарды АКШдагы айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аракетин көрүүдө.

“Кызматташтык америкалык иш берүүчүлөргө жумушчу күчтүн тартыштыгын чечүүгө, ал эми өзбек жарандарына чет жактан акча табууга жана жашоо-шартын жакшыртууга жардам бермекчи”, - деп айтты Фик.

Ал белгилегендей, АКШда жумушчулардын коопсуздугун камсыздоо, эксплуатация жана адам аткезчилигин алдын алуу, эмгек укуктарын коргоо үчүн күчтүү система калыптанган.

Фик америкалык иш берүүчүлөр англис тилинде сүйлөгөн жаш, квалификациясы бар өзбекстандыктарга кызыгарын кошумчалады.

Расмий статистика боюнча 1,3 миллиондой өзбек жараны иштеп жүргөн Орусияда миграциялык мыйзамдар улам катаалдашып жаткандыктан, Ташкент эмгек мигранттарын алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүүнү чечти.

Буга чейин өзбек бийлиги өз жарандарын Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Кореяга орноштурууга басым жасай баштаганы маалымдалган.

Дагы караңыз

Reuters: Москвадагы ири мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту Достук бар, газ кууру дале жок. Путин Бээжинден куру жалак кайтабы? "Үч күндөн бери кезекте турам". Онкологиядагы оор жагдай, бейтаптын зары