Орусияда өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын мүлкү камакка алынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 26-майда административдик жоопкерчиликке тартылган чет жакта жүргөн жарандардын мүлкүн камакка алуу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бир добуштан кабыл алды. Өзгөртүүлөр 1-сентябрдан тартып күчүнө кириши керек.

Сөз Административдик укук бузуулар кодексиндеги ондон ашуун берене тууралуу болуп жатат. Алардын көбү саясий негизде куугунтуктоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Алардын арасында “чет элдик агенттин иш тартибин бузуу”, “экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу”, “фейк маалымат таратуу жана ЖМК эркиндигин кыянат пайдалануу”, “каалабаган уюмдардын ишине катышуу”, Орусия армиясын “дискредитациялоо”, ошондой эле “СССР жетекчилигинин аракеттерин жана чечимдерин нацисттик Германия менен ачык салыштыруу” тууралуу беренелер бар.

Тизмеге “өзгөчө белгилери бар майда бейбаштык” беренеси да киргизилген.

Биринчи кезекте жарандардын эсептериндеги жана депозиттериндеги акча каражаттары камакка алынат. Эгер алар жок болсо, башка мүлкү алынат.

Ошол эле учурда судья күч органдарынын мүлктү камакка алуу тууралуу өтүнүчүн катталгандан кийинки күнү кечиктирбей жана мүлк ээсине билдирбестен карашы керек.

13-майда Орусия парламенти Владимир Путиндин өлкөдөн тышкары куралдуу күчтөрдү колдонуу ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен мыйзамды да кабыл алган.

Документке ылайык, Орусия президенти чет өлкөлөрдө “орус жарандарынын укугун коргоо” үчүн армияны колдоно алат.

Буга чейин президент чет өлкөгө аскерди “Орусиянын кызыкчылыктарына каршы келген” же өлкөдөгү “коомдук тартиптин негиздерине каршы келген” чечимдерге жооп катары гана жөнөтө алчу.

Мамлекеттик Дума бул мыйзамды “достукка жат мамлекеттердин мыйзамсыз аракеттеринен орусиялык жарандарды коргоону күчөтүү чарасы” катары түшүндүрдү.

Дагы караңыз

АКШ менен Армения стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюштуЭс алуу жайлары менен парктардагы аттракциондордун абалы текшерилет АКШ Ирандын түштүгүнө сокку урулганын билдирди