Орусия Днепропетровск облусун аткылап, алты адам жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

27-майга караган түндө Орусиянын армиясы жалпы Украинага 163 дрон менен чабуул койду. Анын 150сү атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрү билдирди.

Днепропетровск облустук аскердик администрация башчысы Александр Ганжа орусиялык аскерлер облустун эки районуна 20 жолу артиллерия, дрон жана авиабомба менен сокку урганын кабарлады.

Никопол районунда автоунаалар күйдү, үч адам жаракат алды. 58 жаштагы адам ооруканага жеткирилди.

Синельников районунда чабуулдун натыйжасында жер үй жайкы ашканасы менен кошо жабыркады. 27 жаштагы аял жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жаракат алган дагы эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Чернигов шаарынын башчысы Дмитрий Брижинский шаарга түнү бою масштабдуу чабуул жасалганын, 15ке жакын жарылуу болгонун жана азырынча курмандыктар тастыктала электигин билдирди.

Донецкинин губернатору Вадим Филашкин 27-майда билдиргендей, Орусиянын соккусунан облустун чыгышында беш адам каза болуп, эки адам жаракат алган.

Дагы караңыз

Орусия АКШ Лавровдун орун басарына виза берүүдөн баш тартканын билдирди Британиянын санкциясы: Тизмеге кыргызстандык үч компания кошулду "Сүйүүнү жаза берем". Ырына калп айтпаган Максат акынБишкек: Курман айт намазына миңдеген киши чогулду