Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөштүн алкагында Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды кармап, кайрадан эскертүү берди. Бул тууралуу аталган органдар кабарлады.
Кармалгандар кылмыштуу жана уурулук идеологиядан баш тартып, Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо зарылдыгы тууралуу билдиргени тартылган видеоматериалдар документтештирилди.
УКМК менен ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын дагы бир жолу эскертти.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.
Укук коргоо органдары мындан кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү делген ондогон адамды кармап, аларды бул жолдон кайтууга мажбурлап келет. (ErN)