Кара деңизде Түркиянын жээгинде жакын жерде үч кемеге дрон чабуулу болду

Соккуга кабылган түркиялык ANT жүк ташуучу кемеси. Кара деңиз, 29-май, 2026-жыл

29-майга караган түнү орусиялык дрон Кара деңизде түркиялык компанияга таандык жана Вануатунун желеги алдында бараткан ANT жүк ташуучу кемесине сокку урду.

Украинанын Аскердик деңиз күчтөрү билдиргендей, жүк жүктөгөн кеме Одесса облусунун портторунун биринен Түркияга багыт алганда чабуулга кабылган. Соккунун натыйжасында кемеде өрт чыгып, эипаждын эки мүчөсү жараат алган.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, түндө учкучсуз аппараттар Кара деңизде Вануату, Комор аралдары жана Панаманын желеги менен бараткан үч соода кемесине сокку урду.

Одесса облусунда электр линиялары үзгүлтүккө учурап, 4 миңдей абонент жарыксыз калды.

Түндө Запорожье облусу да чабуулга кабылды. Александров районунда көп кабаттуу төрт турак жайга зыян келтирилди. Облустун башчысы Иван Федоров билдиргендей, үч киши жараат алды, анын бири 80 жаштагы аял.

Чернигов облусунда учкучсуз аппараттар Машево кыштагын бутага алды, соккудан мектептин имараты толук күйүп кеткенин Новогород-Северск райондук аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Селиверстов маалымдады. Украинанын Аба күчтөрү түндө Орусия 232 дрон жана Искандер-М ракетасы менен чабуул койгонун билдирди. 217 дрон жок кылынган.

"Баллистикалык ракетанын жана 14 дрондун 14 жерге тийгени катталды. Атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары жети жерге тийди", – деп жазылган маалыматта.

Дагы караңыз

Румынияда Орусиянын дронунан эки киши жараат алды