29-майда Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында окуу жылын жыйынтыктоочу "Акыркы коңгуроо" салтанаты өттү.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн "Акыркы коңгуроо" аземине катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.
Быйыл өлкө мектептеринде 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктап, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрдү.
29-май күнү милиция коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Мурдараак Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Агартуу министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү күнү коопсуздук эрежелерин сактоону эскерткен.
Мектептен тышкары кошумча бүтүрүү кечелерин уюштурууга, фейерверк жана кооптуу каражаттарды колдонууга, жашы жете электердин унаа башкаруусуна жол берилбей турганы айтылган. Ата-энелер, мектеп жетекчилери жана бүтүрүүчүлөр мыйзам талаптарын сактоосу жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл экени эскертилген.
Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында милиция эс алуу жайларын, кафе-ресторандарды, көл жээктерин жана жол кыймылын текшерүүгө алууда. (ErN)