"Бейтаптарга орун жетпейт". Климаттын өзгөрүшү бөйрөк ооруларын көбөйттү

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда бөйрөгү ооругандар саны бир жылда 20% өстү. Өлкөдө 250 миң киши аталган оорунун азабын тартып келет. Анын 4400ү канды тазалоочу гемодиализ аппаратынан көз каранды. Дарыгерлер ооруга туура эмес тамактануу, суунун сапатынын начарлашы жана климаттык стресс себеп экенин белгилешет.

“Бөйрөгүмдө таш көп экен”

Ош облусунун Алай районунда жашаган Сезим Таалайбек кызы (суранычы боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү) соңку эки жылдан бери бөйрөгү иштебегендиктен күн алыс гемодиализ борборуна каттаганга мажбур. Ал 28 жашында шишик басып, заарасы чыкпай калганда Бишкектин нефролог дарыгерлери “бөйрөктөрүң кургап калыптыр” деп айтышкан.

“Мен турмушка чыгып, бир кыз төрөгөм. Дагы экинчи чүрпөлүү бололу деп пландап жатканда бөйрөктөрүм иштебей калды. Негизи ага чейин бөйрөгүм ооруган эмес, чыдатпай жатып да калчу эмесмин. Кээде гана кан аралаш заара чыгып калчу. Ага деле маани бербептирмин, көрсө. Ошондуктан бул абалым өзүмдү гана эмес, үй-бүлөмдү да нес кылды. Мен буга, албетте, даяр эмес элем”, - дейт ал.

Дагы караңыз

Алты жылда Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган 84 операция жасалды

Сезимдин өмүрү гемодиализ аппаратына байланып калганына туура эки жыл болду. Дарыгерлер бөйрөктөрүндө таш көп топтолгонун да белгилешкен экен. Мунун себебин ал айылда таза суунун жоктугунан көрөт.

“Жаан жаап же жаз келип, кар эрий баштаганда суу ичүү мүмкүн болбой калат. Баткак, ылай аралаш суу келип калат. Айылда күн сайын суу сатып ичиш мүмкүн эмес. Ошондуктан крандан аккан сууну эле шапа-шупа чайга кайнатып, чийкилей тундуруп ичип турчубуз. Ошол суудан организмге кирген кум топтолуп отуруп ташка айланган окшойт. Үйдөгүлөр эми сууну сатып келип ичип калдык. Болбосо, башка айлабыз жок. Дагы бирибиз ооруп калбасак экен деп эле коркуп отурабыз. Себеби гемодиализ адамды аябай чектейт”.

Сезим дарты аныкталгандан кийин билим берүү тармагындагы ишин таштаганга аргасыз болгон.

“Кенедей айылда 9 киши гемодиализ алат”

Ысык-Көлдүн Түп районундагы айылдардын биринде турган Рамистин да өмүрү соңку тогуз жылдан бери гемодиализ аппаратына байланган. Төрт баланын атасы бул ооруга чалдыкканын чет жерге иштегени кеткенде билген.

“Владивостокко иштегени барып, 2 айдын ичинде аябай арыктап, тамак иче албай калдым. Туугандар менен кеңешип кайра үйгө кайтып келгем. Анализ тапшырсак креатинин 800дөн төмөндөбөй койду. Элдик медицина, элдик табыптарга да бардык. Такыр болбой калганда нефрологдорго көрүнүп, ооруканада эки ай жаттым. Адистер гемодиализге жатпасаң болбойт дешти. Ал кезде гемодиализ борборлору өтө аз болчу, мени көлдө орун жок болгондуктан Ошко жазышты. Бирок шартым туура келбей аябай кыйналдым. Азыр мамлекет чыгымдарымды төлөйт. Ар эки күн сайын келип, төрт саат кан тазалоого жатам”.

Дагы караңыз

Эл менен жолугушууларда таза суу маселеси арбын айтылып жатат

Рамиске дарыгерлер оору суук тийгенден болгонун айтышкан. Бирок чет жердеги адистер сапатсыз тамак-аш жана таза суунун жоктугунан келип чыккан оору экенин айтышкан экен.

“Суук тийгидей мен жука кийинчү эмесмин эч качан. Сырттагы врачтардын айткандарына көбүрөөк ишенем. Себеби биздин айылда таза суу жок болчу, арыкта эле шаркырап аккан сууну ичип чоңойдук. Артезиан суу бизге кийин келди. Ошондуктан “аккан сууда арам жок” деп иче берген болбойт экен”, - дейт маектешибиз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кант диабети бөйрөк менен көздү талкалайт"

Адистер ысык климат менен өнөкөт бөйрөк оорусу ортосунда байланыш бар экенин да айтып келишет. Айрым изилдөөлөрдө жогорку температура өкүм сүргөн аймактарда бөйрөк оорулары көбүрөөк кездешери аныкталган. Себеби организмдеги суунун деңгээли азайганда (каны катып, кургоо) бөйрөктүн кан айлануусун начарлатып, анын ткандарын жабыркатат.

Ошондой эле ысык аба ырайы жана ички кургоо заара чыгаруу органдарынын оорусу коркунучун күчөтөт. Организмде суу азайганда заара коюуланып, минералдар топтолуп таш пайда болушу мүмкүн.

Кыргызстанда 2014 айыл-кыштак жана 30дан ашык шаар бар. Алардын 836сы гана таза суу менен камсыздалса, 1178 айылда бул чоң көйгөй бойдон калууда.

"Жылына 3,5 миң операция жасалса, үчтөн биринин бөйрөгүндө таш бар"

Кыргызстандагы Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы Нурбол Курманбековдун айтымында, өзгөчө түштүк региондорунан келген бейтаптардын саны көп. Маселен, Баткен облусунда суунун сапаты начарлап, климаттын тез өзгөрүшү бир катар оорулардын пайда болушуна алып келген:

“Биздин заара-таш оорулары бөлүмүндө орун жетпей, башка да бөлүмдөргө жаткырып, дарылоого аргасыз болуп келебиз. Урологиялык дарттардын 40-45% дал ушул заара-таш оорулары түзөт. Биз 16 жаштан өйдө бейтаптарды карайбыз, алардын басымдуу бөлүгү 40-45 жаштагы жарандар. Көбү Кыргызстандын түштүк региондорунан келгендер, өзгөчө Баткен облусунун тургундары абдан көп. Дүйнө жүзүндөгүдөй эле климаттын өзгөрүүсү бул региондорго да таасирин тийгизген. Аптап ысык күн бөйрөктүн функциясына өтө чоң таасир этет. Күн ысыганда суунун курамы да өзгөрүп, өтө көп туздар пайда болууда. Аны ичкен жарандын бөйрөгүндө кум жана таш пайда болуп, көбүн операция кылууга аргасыз болуудабыз”.

Дагы караңыз

"Жүрөккө күч келет, боорду май басат". Кант диабети кантип тооруйт?

Нурбол Курманбековдун айтымында, бөйрөк оорулары жүрөк жана онкология илдеттеринен кийин эле Кыргызстанда үчүнчү орунду ээлейт. Өзгөчө бөйрөктүн заара-таш оорулары жыл өткөн сайын күч алып барат. Бул урологдордун 2025-жылдагы отчетторунда да жазылган. Анда жылына бөйрөккө 3 миңден ашык операция жүргүзүлсө, анын үчтөн бир бөлүгү бөйрөктөн таш алууга байланыштуу.

Кыргызстандын нефрологдору жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, өлкө боюнча 250 миңден ашык кишинин бөйрөк оорусу бар. Ал эми дагы 4400 киши такай гемодиализ алып турат. Бул ооруга чалдыккандардын 80% ашыгы климаттык шарты тез өзгөрүп жаткан аймактардын тургундары.

Нефрологдор алдыңкы беш жылдыкта канды жасалма тазалоо аппаратына муктаж болгондордун саны 15 миңден ашышы ыктымалдыгын өз изилдөөлөрүндө белгилешкен.

Дагы караңыз

"Заара чыкпай канга аралашат". Байкатпай жыккан бөйрөк оорусу

Кыргызстандын штаттан тышкаркы башкы нефрологу Динара Айыпованын айтымында, жылына бул адистерге 5 миңден ашык киши кайрылса, анын төрт миңге чукулу ооруканада жатып дарыланууга мажбур болот.

Бөйрөк ооруларынын күчөшүнө кант диабетинин көбөйүшү негиз болуп келет. Кант диабети болсо климат өзгөрүп, анын кесепетинен адам баласы жеген азык-түлүктүн сапаты начарлап кетишинен болорун дарыгерлер эскертүүдө.

“Суунун курамында пестициддер, нитраттар, башка да оор металлдар көбөйүп жатат. Бул бөйрөк ткандарынын жабыркашына алып келүүдө. Кыргызстанда элдин басымдуу бөлүгү ичүүчү сууну скважина жана кадимки эле агын суулардан (арыктардан) алып колдонот. Албетте бул суулардын сапаты текшерилбегендиктен маселе ого бетер курчуп жатат. Биздин суулар ашыкча минералдаштырылган. Ошондуктан сөзсүз түрдө системдүү мониторинг жүргүзүп, эл аралык стандарттарга туура келерин карап, экологиялык көзөмөлдү күчөтүү зарыл”, - деди ал.

Дүйнө элинин 10% бөйрөк ооруларынан жабыркайт

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий маалыматына караганда, дүйнө жүзүндөгү калктын 10% бөйрөктүн өнөкөт ооруларынан жабыркап келет. Ал эми АКШдагы элдин 26 млн тургунунда бөйрөктүн түрдүү оорулары бар. Бул ар бир онунчу америкалыкта бөйрөккө байланыштуу маселеси бар дегенди билдирет.

Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөктүн өнөкөт ооруларына кабылгандарды мурдагыдай 10-14 күн эмес, 5 күн гана дарылап, үйүнө жиберүүгө мажбур. Адистер муну бейтапканалардагы орундардын аздыгы менен байланыштырат.

Климаттын өзгөрүшү адамдын бөйрөк функциясына түздөн-түз терс таасир тийгизип жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюму белгилеп келет. Адистердин айтымында, глобалдык жылуулуктун күчөшү, кургакчылык жана таза суунун тартыштыгы бөйрөк ооруларынын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.

Илимий изилдөө

Гляциолог Гүлбара Оморова климаттын өзгөрүшү элдин саламаттыгына таасир берип жатканы тууралуу комплекстүү илимий изилдөө керек деп эсептейт:

“Абанын ысышы, мөңгүлөрдүн тез эриши, суунун булганышы азык-түлүк коопсуздугун жаратарын, адамдардын саламаттыгына түз таасир берерин билебиз. Бирок бул маселени так айтуу үчүн атайын изилдөө же мониторинг болушу керек. Илимий тыянакка таянып анан жыйынтык чыгарышыбыз зарыл. Биз ушул илимий изилдөөлөрдөн аксап жатабыз”.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ашыкча ысык организмди кургатып, дененин өзүн муздатуу аракетинде жүрөк менен бөйрөккө чоң күч келтирерин билдирет.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү ысык толкундардын көбөйүшүнө алып келип жатат. Узак убакыт ысыкта иштеген же жашаган адамдар көп тердегендиктен организм суюктукту жоготот. Натыйжада кан коюуланып, бөйрөккө күч көбөйөт. Айрыкча бул талаада иштеген адамдар, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн кооптуу.

Бириккен Улуттар Уюму климаттын өзгөрүшү суунун сапатына да таасир берип жатканын белгилейт. Температуранын жогорулашы жана кургакчылык суу булактарындагы бактериялардын, уу заттардын жана туздардын концентрациясын көбөйтөт. Мындай суу организмге, өзгөчө бөйрөккө терс таасир берет.