Украинада бир суткада 17 жайкын тургун каза болду, ондогон киши жараат алды

Украина. Сумы. 2026-жылдын 6-июну.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 6-июнга караган түнү Орусиянын 249 дронун жок кылганын, 19у бутага жеткенин билдирди. Запорожье жана Днепропетровск облустарында соккулардан набыт болгондор жана жараат алгандар бар экени кабарланууда.

Жалпысынан Орусия сокку уруучу 272 учкучсуз учак учурганы, арасында "Шахед", "Гербера", "Италмас", "Бандероль" жана "Пародия" бар экени белгиленди.

Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкин Телеграм каналына жазгандай, өткөн түнкү чабуулдан кеминде алты өмүр кыйылды, 19 киши жараат алды.

Херсон аймагында, облус башчысы Александр Прокудиндин айтымында, кечээтен бери алты киши набыт болду, 27 киши жараат алды.

Харьков облустук администрация башчысы Олег Синегубов маалымдагандай, соңку сутка ичинде 19 айыл-кыштакта кыйроолор катталды, бир кишинин өмүрү кыйылды, алты киши жараат алды.

Запорожьеде, облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, өнөр жай ишканаларынын бирине сокку урулган, эки кызматкер байланышка чыкпай калган, кийинчерээк алардын сөөгү табылган. Дагы беш киши жараат алган.

Днепропетровск облусунун башчысы Александр Ганжанын айтымында, Орусиянын армиясы учкучсуз учактар жана артиллерия менен облустун үч районуна дээрлик 30 жолу чабуул койду. Кривой Рог районунда бир адам каза болуп, 64 жана 66 жаштагы эркектер, ошондой эле 64 жаштагы аял жаракат алды. Инфраструктура жана бир ишкана зыян тартты.

Одесса облусунда учкучсуз учактардын чабуулунан көп кабаттуу үйлөр, жеке турак жай, медициналык борбордун аймагы жана мейманкананын имараты зыян тартты.

Ал эми Сумы облусунун энергетикалык инфраструктурасына кол салуу болуп, айрым жерлерде карапайым тургундар электр жарыгысыз калганын облус башчысы Олег Григоров кабарлады.