Ош облустук ички иштер башкармалыгы президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуусунда 1966-жылы туулган жергиликтүү жаран коомдук тартипти бузганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, ал бир нече жолку эскертүүлөргө карабай, жарандарга тоскоол болгону үчүн залдан чыгарылган. Чогултулган материалдын негизинде Кара-Суу райондук соту аны Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча күнөлүү деп таап, 30 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарды.
Ош милициясы ал мас абалда экени аныкталганын кошумчалады. Майда бейбаштыкка айыпталган тургундун жакындары комментарий бере элек.
Кенжебаевдин Папан айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуусу 5-июнда өтүп, анда эл бир топ көйгөйлөрдү көтөргөн.