Латвияда дрон атып түшүрүлдү, дагы бири Молдованын аймагында жарылды

Латвиянын, Франциянын жана НАТОнун желектери. 2026-жылдын 14-апрели. Латвиянын Лиелварде аба базасы

8-июнда эртең менен НАТОго мүчө Франциянын истребителдери Латвиянын аба мейкиндигинде учкучсуз учакты атып түшүрдү. Бул тууралуу Delfi агенттиги Латвиянын Улуттук куралдуу күчтөрүнө шилтеме берүү менен жазды.

Бул Латвиянын аймагында сырттан кирген дрон атып түшүрүлгөн биринчи окуя. Буга чейин дрондор учуп кирген учурлар болгон, бирок аларды жок кылган окуялар катталган эмес.

Латвия тарап дрон кимге таандык экенин тактаган жок. Ал өлкөгө чыгыш тараптан киргенин маалымдады. Лудза жана Резекне аймактарынын эли аба коркунучу тууралуу "саргыч" эскертүү алышты, мындай учурда жарандарга башкалкалоочу жайларга жашынуу сунушталат.

Ал эми Алуксне жана Балву аймактарында "сары" эскертүүлөр берилип, айгай жарыяланды. Мында ар бир жаранга сак болуу сунуш кылынат. Дрон атып түшүрүлгөндөн кийин көлгө кулап жарылган.

Акыркы апталарда Лудза жана Резекненин тургундары бир нече жолу Латвиянын аймагына кирген орусиялык жана украиналык дрондор тууралуу маалыматтарды алышкан. Балтия мамлекеттеринин аба мейкиндигин кайтарган НАТОнун истребители буга чейин Эстониянын үстүнөн бир дронду атып түшүргөн.

8-июнга оогон түнү дагы бир учкучсуз учак Молдованын аба мейкиндигине кирип жарылды, анын калдыктары эртен менен Лопатна кыштагына жакын жерде табылды.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги окуяны кескин айыптап, өлкөнүн улуттук коопсуздугу менен эгемендигине коркунуч катары баалады. Молдова ТИМи Орхей районунда жарылган дрон Украинага таандык болушу ыктымалдыгын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига 8-июнга караган түнү Орхей районундагы Лопатна айылынын жанында кулап, жарылган дрон Орусияга таандык экенин айтууда.

Дагы караңыз

Камактагы Султанбеков кылмыш ишин “бийликтин басымы” деп сыпаттадыЗеленскийдин Лондон сапары: тынчтыкка жетүү үчүн беш шарт айтылды