Кыргызстанда 73 жаш курагында белгилүү педагог, окумуштуу жана коомдук ишмер Өмүрзак Мамаюсупов күтүүсүз дүйнөдөн кайтты.
Ал 1953-жылы 4-январда Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылында туулган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими жана Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры наамына ээ болгон. «Даңк», «Манас 1000» медалдары менен сыйланган.
Өмүрзак Мамаюсупов 50 жылдан ашуун өмүрүн Кыргызстандагы билим берүү жана илим тармагына арнаган. Ар кайсы жылдары илимий жана окутуучулук ишмердүүлүк менен алектенген.
1995–2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Билим берүү жана илим министринин орун басары, президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган, эки жолу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.
Анын өмүрүндө билим берүү ишмердүүлүгү өзгөчө орунду ээлеген. 1989-жылы ал «Ноокат билимканасы» лицей-интернатын негиздеген. Аталган билим берүү мекемеси Ош облусундагы белгилүү окуу борборлорунун бирине айланган. Лицей социалдык колдоо жана коомдук демилге принциптеринин негизинде иштеп, жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча уюшуу тажрыйбасынын үлгүсү болуп калды.
Лицей иштеген жылдары 1400дөн ашуун бүтүрүүчүнү даярдаган. Алардын көбү Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларын аякташкан. Алардын арасынан окумуштуулар, адистер жана коомдук ишмерлер чыккан.
Мамаюсупов ондогон илимий жана методикалык эмгектердин автору, эл аралык конференциялардын катышуучусу жана уюштуруучусу, билим берүү долбоорлорун жана айылдык лицейлерди түзүүнүн демилгечиси болгон.